Ата болуу наам эмес, аманат. Мыкты ата болуу үчүн 10 кеңеш

Коом Загрузка... 02 Июнь 2025 12:55
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ар бир эркек адам балалуу боло алганы менен ар бири эле ата боло албайт. Себеби, аталык жөн гана балага өмүр берүү эмес, узун убакытты талап кылган чоң жоопкерчиликти моюндай алуу. Андыктан, ата – үйдүн тиреги, бала үчүн ишенимдин, туруктуулуктун жана коргоонун булагы. Алдыда тажрыйбалуу педагог, Ош мамлекеттик университетинин "Ыйман" окуу-тарбия комплексинин директору, “Балам мыкты болсун десеңиз”, "Эң мыкты ата!" китептеринин авторлошу Талантбек Маматов аталар үчүн 10 кеңешин сунуштайт.

Баланын аң-сезими – күзгү сыяктуу

Бала – айлана-чөйрөнүн жандуу күзгүсү. Мисалы, үйдө ата-эне бири-бирин урматтап сүйлөсө, балада да сылыктык калыптанат. Психологияда бул «моделдик жүрүм-турум» деп аталат. Баланын аң-сезими кайсы учурда болбосун айлана-чөйрөсүндөгү окуяларды ички аң-сезимине жаза берет.

Үлгү болуу – кыска жана таасирдүү сабак

Бала айтканды эмес, көргөнүн аткарат. Тамактанууда бата кылсаңыз – бала да ошого үйрөнөт. Эгер ата өзү кечигип жүрүп, балага «убакытты баала» десе – ал таасирсиз. Биз жашаган өмүр – балага эң күчтүү сабак.

Тарбия – бул айткан сөз эмес, жашаган өмүр

Тарбия баланын кулагынан эмес, көзүнөн өтөт. Кыйын кырдаалдарда атанын чечими кандай болот? Сабыр кылабы же ачууланабы – мунун баары балага сабак. Бала улуу кишинин башкаларга мамиле кылганын, сөзүнө канчалык турганын кунт коюп байкайт.

Жоопкерчиликти ички көзөмөл менен калыптандыруу

«Эл эмне дейт?» эмес, «Жараткан көрүп турат» деген түшүнүк баланын ички дүйнөсүнө негиз болуп калат. Бул – моралдык жоопкерчиликти сырткы эмес, ички көзөмөл менен калыптандыруу болуп эсептелет. Баланын жүрөгүндө ыйманы болсо, жалгыз калган учурда да ал өзүн туура алып жүрөт.

Эң күчтүү курал – тынч мүнөз жана туруктуулук

Балага күн сайын ар башкача мамиле кылган ата – баланы туруксуз адамга айлантат. Бүгүн жазалап, эртең кайдыгер болсо – бала өзүнүн кайсы жүрүм-туруму туура экендигин түшүнбөйт. Психологияда мындайды “эки ача сигнал” дешет. Ал эми ар дайым сабырдуу, адилеттүү болгон ата – баланын ишенимин жаратат.

Жүз жолу айткандын ордуна бир жолу үлгү болгон жакшы

Өзүңүз телевизор көрүп отуруп, “китеп оку” деп кыйкырганыңыздын таасири болбойт. “Түз отур, таза жүр, чынчыл бол” – деген сөздөр аракет менен бекемделбесе, кулакка жетпейт. Ата-эне өзүн-өзү тарбиялаган сайын – бала тарбияланат.

Баланы эмес, жүрүм-турумун сындаңыз
“Сен жамансың” деген сөз эмес, “бул кылганың туура эмес болду” деген сын балага туура таасир калтырат. Баланын инсандыгын эмес, иш-аракетин бөлүп көрсөтүү – анын жекелик өзгөчөлүктөрүнө зыян бербейт жана оңолууга мүмкүнчүлүк берет.

Баланын пикирин угуу – аны таанып билүүнүн жолу

Балаңыз кандай суроо берсе да, көңүл коюп угуп, жооп берүү – анын ички дүйнөсүнө болгон эшикти ача турган ачкыч. Баланын ойлорун сыйлоо – анын өзүнө болгон ишенимин арттырат.

Тарбияда убакыт эмес, көңүл маанилүү

Кээде ата-эне баласы менен 3 саат бир бөлмөдө отурат, бирок телефон тиктеп, көңүл бөлбөйт. Кээде 15 мүнөттүк чын жүрөктөн маектешүү – бала үчүн өмүрлүк эстен чыкпаган тарбия болуп калат. Турмушта бала менен болгонуңуз эмес, кандай болгонуңуз маанилүү.

Бала үчүн жакшы тилек кылыңыз

Ата-эненин баласына кылган тилеги кабыл болот. Эгер жиниңиз келгенде “сен оңолбойсуң” деп айтсаңыз – өзүңүз ошол терс багытта тарбиялап жаткан болосуз. Тескерисинче, жакшы тилек, жакшы сөз – балага ишеним берип, мүнөзүн оңдойт.

Эң чоң мурас – мал-мүлк эмес, жакшы мүнөз. Эң мыкты белек – акыл-насаат эмес, жакшы үлгү. Эң улуу жеңиш – балаңдын «атам менен сыймыктанам!» деп айтканы. Ата болуу – жөн гана наам же статус эмес, бул өмүр бою жоготпош керек болгон чоң аманат.