"Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде оңдоо иштери жүрүүдө

Коом 822 13 Июль 2025 11:01
515487084_1037701925188230_7695964391559753257_n.jpg
518275922_1037701801854909_4687178004873977064_n.jpg
518274829_1037701765188246_4128739448827664794_n.jpg
Алдыга
Артка
515487084_1037701925188230_7695964391559753257_n.jpg
518275922_1037701801854909_4687178004873977064_n.jpg
518274829_1037701765188246_4128739448827664794_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 13.07.25 /Кабар/. Күн мурун маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өтүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Белгилей кетсек, “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси саясий репрессиянын курмандыгы болгон жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн саясий жана коомдук ишмерлердин сөөгү коюлган жер.

Мындан сырткары, Кыргызстандын тарыхындагы эң оор жана унутулгус окуяларга байланыштуу курман болгон инсандар эскерилген улуттук ыйык мазар.

Алсак, 2008-жылы Эл жазуучу Ч. Айтматовдун сөөгү коюлса, 2010-жылы 7-Апрель окуясынан курман болгондордун , 2022-жылы Баткен облусунда өлкө чек арасын коргоодо курман болгон аскер кызматкерлеринин жана Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү хирург, Мамбет Мамакеевдин сөөгү коюлган. Ошондой эле 1916-жылы Үркүн окуясында каза болгондорго атайын эстелик орнотулган.