Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Күн мурун президент Садыр Жапаров Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушту. Анда жергиликтүү тургундар аймакта ири мал чарба кооперативин түзүү жана өлкөнү эт менен камсыздоо демилгесин көтөрүп, мамлекеттен колдоо сурашты.
Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын бири Ат-Башы району өлкөдөгү эттин баасын кармап турууга жана ички рынокту толук камсыздоого даремети жетерин белгилеп, президенттин фондунан 500 млн сом бөлүп берүү өтүнүчүн келтирди. Ал кооперативдерди өнүктүрүү жана асыл тукум мал өстүрүү үчүн учурдагы 3 млн сомдук жеңилдетилген насыянын чегин 10 млн сомго чейин көбөйтүү зарылдыгын айтты.
Садыр Жапаров бул демилгени колдоого алып, залда отурган финансы министрине кайрылып, Ат-Башы районуна өзүнчө 500 млн сом бөлүү мүмкүнчүлүгүн сурады.
Финансы министри бул маселе атайын каралып чыгарын билдирип, учурда фермерлер "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорунун алкагында 6 пайыздык чен менен жеңилдетилген насыя алып жатышканын, ал эми калган пайыздык айырма улуттук бюджеттен субсидияланып жатканын маалымдады.
Өлкө башчысы Финансы министрлигине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте насыянын суммасын көбөйтүп берүү багытында иш алып барууну тапшырды. Ошону менен бирге насыянын үстөгүн 6 пайыздан төмөндөтүү мүмкүн эместигин түшүндүрдү.
"Насыянын пайызын 6 пайыздан ылдый түшүрүүгө болбойт, антпесе банктар чыгымга учурайт. Негизи банктар насыяны 16 пайыз менен беришет. Ал эми анын 10 пайызын биз дыйкан-фермерлерге жеңил болсун деп, республикалык бюджеттин эсебинен жаап (субсидиялап) жатабыз. Биз Финансы жана Айыл чарба министрликтерине кеңешип, кооперативдер үчүн берилүүчү сумманы көбөйтүп берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырабыз", – деди Садыр Жапаров.
Жолугушууда мамлекет тарабынан айыл чарба кооперативдерин колдоо түзүмдүк реформалардын негизги багыты экени дагы бир ирет баса белгиленди.