Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. 12-июль күнү саат 20:30 чамасында Ат-Башы районунда кыска мөөнөттө жааган нөшөрлүү жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, табият кырсыгы Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы сайда катталган.
"Сел суусуна агып кеткен унаадагы бир жаран куткарылып, аман-эсен чыгарылды. Турак жайларга зыян келтирилген жок. Ат-Башы – Өзгөрүш унаа жолу эки тараптуу ачылып, кыймыл толугу менен калыбына келтирилди", - деп айтылат маалыматта.
Жолго жана көпүрөгө зыян келген эмес.