Ат-Башыда сел жергиликтүү балчынын 80 бал челегин агызып кетти

Коом Жүктөлүүдө... 13 Июль 2026 10:15
745715547_1036237918892305_8395899670627781636_n.jpg
744917625_1735440020985876_8556364913554478149_n.jpg
746615745_992670233611577_616678474550036389_n.jpg
746780126_1710916373389026_1805657917133573111_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УТРК Нарын

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. 12-июль күнү кечки саат 20.30дар чамасында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттон түшкөн суулар Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы сайдан ашып, сел жүргөн.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын кесепетинен балчылык менен алектенген жеке ишкер жабыр тартып, анын 80 бал челегин жана унаасын агызып кеткен. Унаанын ичиндеги бала куткаруучулардын жардамы менен аман-эсен куткарылган.

"Учурда абал туруктуу, селден улам жабылган Ат-Башы-Өзгөрүш жолу ачылып, каттам бар. Азыркы мезгилде тиешелүү кызматтар тарабынан жеринде селдин кесепеттерин жоюу, келтирилген чыгымдарын жана суу каптаган айдоо аянттарды, сарайларды тактоо иштери жүрүүдө. Кыян суу адам өмүрүнө зыян алып келген жок", - деп айтылат маалыматта.