Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Ат-Башыда ата мекендик үрөнчүлүктү өнүктүрүү үчүн картошканын элиталык сорттору өстүрүлө баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Акыркы мезгилде картошканы өстүрүүдө сапаттуу үрөнгө болгон муктаждыкты эске алуу менен райондун аймагында жогорку түшүмдүү картошканын элита жана супер-супер элита сортторун жеринде өстүрүү жана үрөн катары колдонуу иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
2024-жылы бул багытта алгачкы кадам катары төрт түрдүү супер элита картошкасынын сорттору өстүрүлүп, агротехникалык талаптарга ылайык иштетилген. Ал эми 2025-жылы Голландия мамлекетинен жогорку сапаттагы супер-супер элита сорттору – пердис, сильвана, коломбо, камелия, челенжер жана рашида – алып келинип, айыл чарба кооперативдерине таратылып, өстүрүлдү.
Өстүрүү иштеринде заманбап агротехникалар колдонулуп, өзгөчө тамчылатып сугаруу технологиясы кеңири пайдаланылууда. Бул иш-чаралар Ат-Башы районунун “Курманбек-Ата”, “Бай-Дыйкан”, “Аскаташ-Бек” жана “Нурел-Кайынды” кооперативдеринде жүргүзүлүп жатат.
Аталган кооперативдердин үрөндүк картошка аянттарына мамлекеттик инспекция тарабынан талаа көзөмөлү (инспекциясы) жүргүзүлдү. Инспекциянын жыйынтыгында үрөн аянттарынан жогору түшүм күтүлүп жатканы белгиленди.
Алынган жыйынтыктардын негизинде 2026-жылы 130 тоннадан ашуун супер элита картошканын үрөнү дыйкандарга сатууга чыгарылат. Ал эми супер-супер элита сорттору келечектеги көбөйтүү иштерине колдонуу үчүн өзүндө калтырылат.
Бул аракеттер айыл чарба тармагында үрөндүн сапатын жогорулатуу, импортко болгон көз карандылыкты азайтуу жана ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү максатын көздөйт.