Ат-Башыда катуу сууктан улам окуучулар аралыктан окууга өтүштү

Аймак 12 январь 2026 17:35
AB5I2694.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp Image 2026-01-12 at 17.29.29.jpeg
Алдыга
Артка
AB5I2694.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp Image 2026-01-12 at 17.29.29.jpeg
Алдыга
Артка

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.01.25 /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы жалпы билим берүү мекемелери кычыраган сууктан улам аралыктан окумай болушту. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ат-Башы районунун акиминин орун басары Венера Мурзалымбекова билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүн райондо термометр -31-32 градусту көрсөткөн.

“Ат-Башы районунда жалпы 20 мектеп бар. Бүгүн тийиштүү мекемелердин катышуусунда штабдык отурум өткөрүлүп, анын негизинде балдарды 19-январга чейин аралыктан окутуу чечими кабыл алынды.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн берген маалыматына ылайык, бүгүн окуу башталып, бирок көптөгөн окуучулар кечигип, аз санда гана келишкен”,-деп билдирди орун басар.