Ат-Башыда катуу шамал көп батирлүү үйдүн чатырын учурду

Аймак 14 май 2025 08:50
IMG_1088.jpeg
IMG_1087.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1088.jpeg
IMG_1087.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 14.05.25./Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында күн мурун саат 15:00 чамасында чыгыштан-батышка ылдамдыгы секундасына 16-19 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган.

ӨКМден билдиришкендей, анын кесепетинен Ат-Башы айылынын Абыкеев көчөсүндө жайгашкан көп батирлүү турак үйдүн 150 чарчы метр тунике менен жабылган чатырын учуруп кеткен.

Жерине райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө.