Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунда быйылкы жылдын картошка түшүмүн жыйноо иштери активдүү жүрүп жатат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, алгачкы казуу иштеринде супер элита жана элита сортундагы картошка алынууда.
Учурда бир чарбада 300 тоннадай түшүм жыйналып, дагы 200 тоннадай казып алуу күтүлүүдө. Быйыл картошканын баасы орто эсеп менен 40–50 сомду түзүп, түшүм ички рынокторго гана эмес, коңшу өлкөлөргө да экспорттолот.
Дыйкандардын айтымында, быйылкы түшүм жакшы түшүп, сапаты жогору болууда. Бул Ат-Башы районунун гана эмес, жалпы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна салым кошот.