Ат-Башы ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Аймак 30 июль 2025 13:05
523450567_18071788634476120_3470040383393905631_n.jpg
524574222_18071788622476120_8521017746529644895_n.jpg
524740106_18071788613476120_7324512384837974731_n.jpg
525199288_18071788601476120_237146471460370458_n.jpg
525277365_18071788604476120_479472573718656261_n.jpg
525882259_18071788643476120_7529470593383410528_n.jpg
Алдыга
Артка
523450567_18071788634476120_3470040383393905631_n.jpg
524574222_18071788622476120_8521017746529644895_n.jpg
524740106_18071788613476120_7324512384837974731_n.jpg
525199288_18071788601476120_237146471460370458_n.jpg
525277365_18071788604476120_479472573718656261_n.jpg
525882259_18071788643476120_7529470593383410528_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 30.07.25 /Кабар/. Ат-Башы ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Аталган ГЭС 2022-жылы толук реконструкциядан өткөн, учурда 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата алдын ала жана системдүү даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

2025-жылы графикке ылайык ийгиликтүү аткарылган иштер:

  • №1 жана №2 гидроагрегаттардын учурдагы ремонту;
  • №1 трансформатордун текшерүү-тейлөө иштери;
  • 110 кВ жана 10 кВ бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн элементтери боюнча иштер.

Жакынкы күндөрү төмөндөгүдөй иштер башталат:

  • №3 жана №4 гидроагрегаттардын учурдагы ремонту;
  • SFF-28000/115 үлгүсүндөгү №2 трансформатор;
  • 110/10 кВ электр чөйрөсүндөгү негизги линиялар жана жабдуулар.

Подряддык уюмдардын катышуусунда аяктаган долбоорлор:

  • СЭВ (суунун өткөрүүчү вентили) жогорку сводунун калыбына келтирилиши;
  • эксплуатациялык сууну таштоочу (водосброс) түзүлүштүн I этабы;
  • административдик имараттагы эшиктердин жаңыланышы.

Сууну таштоочу гидротехникалык түзүлүштүн кийинки этаптагы ремонту жылдын IV кварталына пландалган. Убактылуу токтотуу суу сактагычты технологиялык тазалоо муктаждыгына байланыштуу болуп саналат.

Реконструкциядан кийин ГЭСтин бардык жабдуулары жогорку техникалык стандарттарга жооп берет. Ошондуктан учурда аткарылып жаткан иштер эксплуатациялык талаптарга ылайык пландуу профилактикалык мүнөздө жүрүүдө.

Ат-Башы ГЭСи Нарын облусунун электр энергиясына болгон муктаждыгынын 25 пайызга чейинки бөлүгүн жабат. Кыш мезгилинде электр жүктөмү жай мезгилине салыштырмалуу 4,36 эсеге жогорулайт.