Асылдуулугу төмөн жерлерге кандай мөмө-жемиштер жакшы өсөт?

Коом Загрузка... 12 Июнь 2025 09:55
8be91ef9e9a651cbfee401174b01951b.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги асылдуулугу төмөн жерде жакшы өсө турган мөмө-жемиштер боюнча кеңеш берди.

Министрлик асылдуугулу төмөн топурактарда жана кургакчыл шарттарда жакшы өнүгүүчү төмөнкү мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн сунуштайт:

Мөмөлүү дарактар:

Алма – суукка жана илдеттерге туруктуу, кайра иштетүүгө ылайыктуу.

Өрүк (майда сорттору) – кургакчылыкка чыдамдуу, асылдуулугу төмөн топуракта жакшы өсөт

Алча (вишня) – суукка чыдамдуу, шире жана тамак-аш өнөр жайында суроо-талабы жогору.

Тыт – кургакчылыкка чыдамдуу, асылдуулугу төмөн топуракта жакшы өсөт; республиканын Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарына сунушталат. Жибек өндүрүшүн жандандыруу үчүн келечектүү багыт.

Бадал өсүмдүктөрү:

Карагат – кургакчылыкка жана зыянкечтерге туруктуу.

Итмурун (шиповник) – дарылык касиетке ээ, топуракка чыдамдуу.

Чычырканак – үшүккө жана кургакчылыкка чыдамдуу, витаминдерге бай.

Долоно (боярышник) – суукка чыдамдуу, дарылык касиети бар.

Жаңгактуу жемиштер:

Жаңгак (грек жаңгагы) – чополуу жана шагылдуу топуракта да жакшы өсөт, терең тамырлуу дарак; кургакчылыкка жана жеңил үшүккө чыдамдуу.

Мисте (фисташка) – кургакчыл жана таштуу жерлерде жакшы өсөт, жогорку температурага чыдамдуу.

Эскерте кетсек, асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү алкагында "Агроөнөр жай комплексин каржылоо" долбоору боюнча, анын ичинде "Мөмө жемиш" агроөнөр жай кластери багытында жеңилдетилген насыя берүү каралган. Бул программа аркылуу жылына 6 пайыз үстөгү менен көчөттөрдү сатып алуу, тамчылатып сугаруу системаларын орнотуу, тосмо орнотуу, жер семирткичтерди сатып алуу, кайра иштетүүнү уюштуруу, мини-цехтерди, муздаткыч камераларды, кампаларды куруу жана экспорттук ишмердүүлүк үчүн айланма каражаттарды камсыздоо боюнча каржылоо алууга болот.

Ал эми жер тилкелерин алуу үчүн жер жайгашкан район боюнча тиешелүү райондук мамлекеттик администрацияга кайрылып, арыз берүү талап кылынат.