Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 291 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Экономика Загрузка... 20 Ноябрь 2025 10:19
1050670436_0_308_3076_2048_600x0_80_0_0_67f1e935cdb2a4a150c5b87f16269efa.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. 23-октябрга карата "Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү" долбоору боюнча 86 субъект жеңилдетилген насыя алды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, аларды каржылоонун көлөмү 291 млн сомду түздү.

Насыя "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ААКтар тарабынан берилүүдө. Насыялоонун жалпы суммасы 1 849,56 млн сомду түзөт.

Белгилей кетсек, аталган долбоор азыктуулугу жогору асыл тукум малды сатып алуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинетинин 2025-жылдын 5-мартындагы токтому менен бекитилген.