Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 187 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Экономика Загрузка... 08 Октябрь 2025 10:28
whatsapp_image_2025-01-09_at_11_42_31.jpeg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 08.10.35 /Кабар/. 25-сентябрга карата "Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү" долбоору боюнча 187,63 млн сом жеңилдетилген насыя берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыяны өлкө боюнча 52 субъект алды.

Аталган долбоор азыктуулугу жогору асыл тукум малды сатып алуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинети тарабынан 2025-жылдын 5-мартындагы бекитилген.

Бул долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору катышууда. Кредиттөөнүн суммасы 1 млрд 849,56 млн сомду түзөт.