Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү. 226 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Экономика Загрузка... 03 Ноябрь 2025 17:04
1.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.11.25 /Кабар/. 9-октябрга карата өлкөдө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү долбоору боюнча 226,21 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя каржыланды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыя 65 каржылоо субъекттерине берилди.

Бул долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ААК катышууда, аларды насыялоонун суммасы 1 млрд 849,56 млн сомду түзөт.

Белгилей кетсек, азыктуулугу жогору асыл тукум малды сатып алуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинетинин токтому менен "Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү" долбоору бекитилген.