Асман шаарына 20 млрд доллар инвестиция тартылат: Эмнелер курулат?

Экономика Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 18:30
WhatsApp_Image_K1pnciQ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Экологиялык таза жаңы "Асман" шаарын куруу долбооруна жумшала турган инвестициялардын көлөмү 20 млрд доллар түзөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча агенттигинин жетекчисинин орун басары Дамирбек Бикулов "Кабар подкастта" билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашырып жаткан компания кошумча инвестицияларды тартуу жана өнөктөштөр менен жаңы келишимдерди түзүү боюнча иштерди улантууда.

WhatsApp_Image_IsBGYA9.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
"Бардык жаңы демилгелерди эске алуу менен долбоорду ишке ашырып жаткан компания кошумча инвестицияларды тартууда. Бүгүн биз келишимдерге кол коюу аземине күбө болдук жана бул иштер мындан ары да улантылат", – деди Бикулов.

Ал долбоорду ишке ашырууда негизги артыкчылыктар катары экологиялык талаптарды сактоо, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана жаңы шаардын туруктуу экономикалык моделин калыптандыруу экенин белгиледи.

Бикуловдун айтымында, долбоор заманбап коопсуздук жана экологиялык талаптарды эске алуу менен шаар курууга комплекстүү мамилени карайт. Шаарды долбоорлоодо аймактын табигый-климаттык өзгөчөлүктөрү, анын ичинде шамалдын багыты эске алынат. Ошондой эле заманбап тазалоочу курулмаларды куруу жана жашыл аймактарды түзүү пландалууда.

WhatsApp_Image_qbqcWNR.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү максатында шаарда мусулман маданиятына арналган музейлерди, ислам илим борборлорун жана заманбап санарип музей комплекстерин куруу каралган. Мындан тышкары, IT тармагын өнүктүрүү жана индустриалдык парктарды түзүү пландалууда. Бул шаарды экономикалык жактан өзүн-өзү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

"Шаар мамлекеттик бюджетке кошумча жүк жаратпашы керек. Биз анын өз алдынча ишмердүүлүгүн камсыздап, элдин пайдасына кызмат кыла турган шаар болоруна ишенебиз", – деди Бикулов.

Ал ошондой эле долбоордун жол картасы илимий коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын сунуштарын эске алуу менен толукталып жатканын билдирди.

Тактап айтканда, шаарды долбоорлоодо жана курууда энергетикалык жана инженердик коопсуздук маселелерине көңүл буруу, инфраструктураны сел жана суу ташкыны сыяктуу табигый тобокелдиктерге туруктуу кылуу зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, жаңы шаардын "Тамчы" аэропортунун ишмердүүлүгү менен шайкеш өнүгүүсүн камсыз кылуу, экологиялык талаптарды сактоо, суу ресурстарынын жетиштүүлүгү жана аларды натыйжалуу пайдалануу маселелери да каралды.