Бишкек, 06.09.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров ”Асман” экологиялык шаарын куруу инвестициялык долбоорунун ишке ашырылышын жеринде көрдү.
Агенттиктен билдиришкендей, долбоордун аянтчасына “Ак Барс” холдинг компаниясы“ ААКнын башкы директору, Татарстан Мамлекеттик советинин депутаты Иван Егоров барды.
Долбоордун аянтчасында ”Асман“ экологиялык шаарынын концепциясы, долбоорду ишке ашыруунун учурдагы абалы, ошондой эле аймакты андан ары өнүктүрүү маселелери каралды.
Тараптар россиялык инвесторлордун долбоорду ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн жана бул багыттагы андан аркы кызматташууну талкуулашты.