Asman Airlines Бишкек-Раззаков каттамынын санын көбөйттү

Коом 13 июнь 2025 14:17
Asman Airlines Бишкек-Раззаков каттамынын санын көбөйттү

Бишкек, 13.06.26. /Кабар/. Asman Airlines Бишкек-Раззаков каттамынын санын көбөйттү. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, эми Бишкек шаарынан Раззаков шаарына учактар аптасына 6 жолу учат.

Бейшемби гана күнү каттам болбойт.

Билеттин баасы 3600 сомдон башталат.

Билеттер asmanairlines.kg тиркемесинде сатылат.