Asman Airlines авиапаркын кеңейтип, эл аралык рынокко чыгууга камынууда

Коом Загрузка... 09 Октябрь 2025 13:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын Asman Airlines авиакомпаниясы өзүнүн паркын активдүү өнүктүрүүнү жана кеңейтүүнү улантууда. Авиакомпаниянын башкы директору Жолдошбек Айдаралиевдин айтымында, авиакомпаниянын үчүнчү учагы жарандык авиациянын сертификатын алып, 15-сентябрдан тарта пландуу каттамдарды аткарып жатат.

Ал кошумчалагандай, компания жакын арада дагы эки орто аралыкка учуучу учактарды алуу процессин баштайт.

"Биз Дубайга барып, учактарды жеткирүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Керектүү процедуралар башталган, жакынкы эки айдын ичинде келишимге кол коюуну пландап жатабыз. Жаңы учактар 2026-жылдын аягына чейин жеткирилиши күтүлүүдө", — деди Айдаралиев.

Белгилей кетсек, авиакомпания өзүнүн биринчи жылын ийгиликтүү аяктап, 500 миңден ашык жүргүнчүнү ташып, өлкөнүн бардык 11 аэропортунун ортосунда аба каттамдарын камсыздап, эл аралык каттамдарга чейин чыкты. Бул мезгилдин ичинде компаниянын кызматкерлери 158 адиске өсүп, кирешеси 5 миллиондон 546 млнн сомго чейин жогорулады.

Мындан тышкары, Жолдошбек Айдаралиев билдиргендей, өздүк кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Үч учактын тең экинчи учкучтары өлкөдөгү авиациялык институттун бүтүрүүчүлөрү.

"Башында бизде бир гана капитан болсо, бүгүнкү күндө үч учак тең экипаж менен камсыздалды. Алдыдагы беш жылда улуттук кадрлардын саны көбөйөт деп ишенебиз", - деп кошумчалады компаниянын директору.

Мындан тышкары, жайында Тамчы аэропортунан Алматыга эл аралык каттам ачылды. Учурда алдыдагы кыш мезгилинде Ташкент жана Алматыдан Караколго жаңы каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Эки чоң учак келгенден кийин эл аралык рынокко чыгууга даярданабыз. Биз авиапаркыбызды Airbus A320 жана төртүнчү Dash Q-400 менен кеңейтүүнү пландап жатабыз, алардын ар бири 230 жүргүнчүнү батыра алат", - деп сөзүн жыйынтыктады Айдаралиев.