Аскерлердин сабалышы. Эл өкүлү жетекчилердин жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрдү

Коом Загрузка... 14 Май 2025 12:50
1488987.dd34f87d9c99191bcb1f0885a583f674.500.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.05.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Эмил Токтошев армиядагы аскерлердин сабалышын жана жетекчилердин жоопкерчилиги боюнча маселе көтөрдү.

Эске салсак, буга чейин интернетте жоокерди “төө куштун” кейпин кийгизип, сөгүп жаткан видео тараган. Бул видео коомчулукта катуу нааразылык жараткан. Маалым болгондой, бул окуя Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин№ 86123 аскер бөлүгүндө болгон. Буга карата президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевге катуу сөгүш жарыялаган.

Эмил Токтошев армиядагы бул окуя үчүн толук жоопкерчиликти жетекчилер тартышы керектигин айтты.

“Бул жоокерлердин апалары кандай сезимде болгонун элестетүү кыйын. Менин оюмча Ички иштер министрлигинде жана Коргоо министрлигинде армиядагы абалды текшерүү үчүн комиссия түзүшүбүз керек. Бул системалуу түрдө болуп жатат жана али жоюла элек”, - деди ал.