Бишкек, 08.07.26 /Кабар/. Түштүк-Батыш оперативдик кол башчылыгынын 52870 аскер бөлүгүнүн окуу талаасында атайын тактикалык машыгуу өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара аскер кызматчыларынын күжүрмөн даярдыгын чыңдоо, бөлүктөрдүн өз ара аракеттенүүсүн арттыруу жана өзгөчө кырдаалдарда ыкчам чечим кабыл алуу көндүмдөрүн өркүндөтүү максатында уюштурулду.
"Машыгуунун жүрүшүндө аскер кызматчылары койгон милдеттерди жогорку деңгээлде аткарып, өздөрүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтүштү", - деп айтылат маалыматта.
Тактикалык машыгууга коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана аскер кызматчылары катышты.