Аска тоолор курчаган абасы таза Кара-Кой жайлоосу — видео

Аймак Загрузка... 14 Май 2025 15:57

Асман тиреген аска тоолор курчаган, жаратылышынын кооздугу далайларды суктанткан Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Кой жайлоосу деңиз деңгээлинен орточо 2500–2800 метр бийиктикте жайгашкан. Бул аймак негизинен арча-токойлуу тоо капталдары, жашыл шалбаалар, таза аба жана салкын булактар менен өзгөчөлөнөт.

Арча токою — аймактын символу. Калың арчалуу капталдар кычкылтекке бай, экологиялык жагынан таза. Ар түрдүү жапайы өсүмдүктөр, дары чөптөр жана жаныбарлар дүйнөсү бай.
Жөө кыдыруу, ат үстүндө сейилдөө, сүрөткө түшүү, таза абада эс алуу сыяктуу иш-чаралар үчүн мыкты жер. Жайлоого туристтерди тартуу мүмкүнчүлүгү чоң – эко-туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу.

Видеону президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүн маалымат кызматы бөлүштү.