Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Казакстандын парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Бишкекте өтүп жаткан III Парламенттер аралык форумда акыркы жылдары Борбор Азиядагы интеграциялык процесстер жогорулоо багытында өнүгүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, буга жогорку деңгээлдеги байланыштардын интенсивдүүлүгү, өз ара соодадагы оң динамика, экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы кызматташтыктын күчөшү жана башка көптөгөн нерселер далил боло алат. Бул процессте Борбор Азия мамлекет башчыларынын үзгүлтүксүз консультативдик жолугушуулары негизги роль ойнойт, анткени алар аймактык интеграциянын негизги кыймылдаткыч күчү болуп саналат жана жемиштүү кызматташуу үчүн жаңы горизонтторду ачат.
"Борбор Азияны XXI кылымда өнүктүрүү үчүн достук, коңшулук жана кызматташтык келишимине кол коюу аймактык кызматташтык үчүн стратегиялык мааниге ээ", — деди ал.
Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча тарыхый келишимге жана Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек араларынын кошулган жери жөнүндө үч тараптуу келишимге кол коюлганын белгилей кетүү керек. Бул келишимдер — өлкөлөрүбүздүн туруктуу жана гүлдөгөн Борбор Азияны түзүүгө умтулуусунун ачык далили.
Биздин милдет — бул динамиканы туруктуу жана узак мөөнөттүү процесске айландыруу, аны натыйжалуу укуктук база менен бекемдөө. Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык форумунун алкагында биздин биргелешкен иш-аракеттерибиз ушуга багытталган", — деди ал.
Казакстан парламентинин башчысы белгилегендей, Бишкекте үчүнчү парламенттер аралык форумдун өтүшү парламенттик өз ара аракеттенүү мамлекеттерибиздин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлине толук ылайык келип жатканын дагы бир жолу тастыктады. Эгерде биринчи форум парламенттик интеграцияга негиз салса, экинчиси анын күн тартибин кеңейтсе, үчүнчү форум мазмундуу ишке өтүүнү көрсөтүп турат", — деп баса белгиледи Ашимбаев.