Ашуулардагы убактылуу чектөөлөр алынды

Аймак 9 декабрь 2025 09:42
596635443_1167195435589201_6447540323072967731_n (1).jpg
595903538_1167195515589193_2689384736169177949_n (1).jpg
595659171_1167195505589194_5328523033137911453_n.jpg
596610706_1167195428922535_2250462794631007199_n (1).jpg
597390479_1167195525589192_8055753347441839002_n (1).jpg
597390859_1167195432255868_4744642910576525657_n (1).jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 9-декабрь саат 09:30га карата Бишкек - Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуулары менен Суусамыр - Талас - Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, ал эми Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүрүүдө. Алдыңкы сааттарда буга чейин киргизилген оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

"Кыргызавтожол-Түштүк" жана "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

Каттам бар.