Ашууларга кар жаап, тазалоо иштери жүрүүдө – Транспорт министрлиги

Коом Загрузка... 18 Апрель 2025 10:46
398251967_644772207831529_2227164767997124510_n-768x560.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам ашууларда кар жаап, жол тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Жумуштар "Кыргызавтожол-Түштүк" жана "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылып жатат. Каттам бар.

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Ак-Бейит, Түз-Бел жана Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, инерттик материалдар чачылууда. Ал эми Төө-Ашуу менен Ала-Белде күн бүркөк.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.