Ашууларга кар түшүп, айдоочуларга дөңгөлөктөрүн алмаштыруу сунушталды

Коом Загрузка... 18 Сентябрь 2025 12:09
WhatsApp_Image_2025_cYfptk8.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Бүгүн Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда жана Бишкек - Ош жолундагы Төө-Ашууда кар жаап жатат.

Мындан улам Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууну сунуштайт.

Ведомствонун маалыматына караганда, учурда Жол тейлөө ишканалары тарабынан инерттик материалдарды себүү, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Каттам бар, жол ачык.