Ашуулардагы абал: Жол тейлөө ишканалары күнү-түнү иштеп жатат

Аймак Загрузка... 23 Январь 2026 12:02
616827844_1200453942263350_3719627340562251037_n.jpg
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Бүгүн саат 10:45ге карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, өлкөнүн бардык облустарында Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды толук көзөмөлдөп, атайын кезметке туруу менен күнү-түнү тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.