Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Бүгүн өлкө аймагындагы унаа жолдорунда жана ашууларда жолдор ачык, каттамдар бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Алсак, Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун Чапчыма, Төө-Ашуу, Өтмөк, Ала-Бел Көк-Бел, Долон, Чар, Ак-Бейит, Туз-Бел, Кубакы, Кызыл-Бел ашууларында жана Боом капчыгайында каттам үзгүлтүксүз уланууда.
"Жол тейлөө ишканалары жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, ошондой эле кар күрткүлөрүн тазалоо иштерин күнү-түнү жүргүзүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.
Транспорт министрлиги алыс жолго чыккан айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.