Ашууларда жолдор ачык, каттам бар

Аймак Загрузка... 25 Февраль 2026 11:11
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Бүгүн саат 09:30га карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Жол тейлөө ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо, кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын себүү жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып жатат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.