Ашууларда жол кыймылына чектөө жок – 18:00гө карата маалымат

Аймак Загрузка... 20 Январь 2026 18:07
1.jpg
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Бүгүн саат 18:00гө карата өлкөнүн баардык унаа жолдорунда жана ашууларда каттам үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, Төө-Ашуу, Сөөк, Чоң-Ашуу, Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашууларында жана Боом капчыгайында күн ачык, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн ачык, каттам бар.

Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.

Ишкана кышкы жол шарттарын эске алып, унааны кышка ылайык даярдап, керектүү шаймандарды ала жүрүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөт.