Ашууларда жол ачык, унаа кыймылына чектөө жок - Транспорт министрлиги

Коом 846 28 Февраль 2025 11:57
480920808_946458127662934_5204711334135846524_n.jpg
481003104_946458087662938_8251140581811268371_n.jpg
481895002_946458090996271_652234221037371512_n.jpg
Алдыга
Артка
480920808_946458127662934_5204711334135846524_n.jpg
481003104_946458087662938_8251140581811268371_n.jpg
481895002_946458090996271_652234221037371512_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 28-февралга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Транспорт министрлиги айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.