Ашууларда жана жолдордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Аймак 9 февраль 2026 09:55
Ашууларда жана жолдордо кар көчкү түшүшү мүмкүн
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 9-февралда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын төмөнкү аймактарында кар көчкү күтүлөт:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 65-101 чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;
  • Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусун кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.