Ашууларда жана жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Аймак 5 февраль 2026 11:06
Ашууларда жана жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталат
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 5-февралдан 7-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 65-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусу;
  • Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110-чакырымдарында;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.