Ала-Бел жана Чоң-Ашуу ашууларында кар көчкү кооптуулугу жарыяланды

Аймак Загрузка... 27 Январь 2026 12:05
WhatsApp Image 2026-01-21 at 16.26.45.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 27-январдан 29-январга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана төмөнкү унаа жолдордо кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлөт:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайыда;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда.
"Ошондой эле жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - деп айтылат маалыматта.