Ашууларда күн бүркөк, жол кыймылына чектөө жок

Аймак Загрузка... 02 Март 2026 09:10
1_pIE9lZ6.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Бүгүн саат 09:00гө карата республиканын негизги ашууларында күн бүркөк, жол кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда майда кар жаап жатат, учурда каттам бар. Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк жана Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында, ошондой эле Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, жолдо каттам бар.

"5-мартка чейин туруксуз аба-ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам аталган жолдор аркылуу сапарга чыгууда унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо зарыл ", - деп айтылат маалыматта.

Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.