Ашуулардагы абал: Жолдор ачык, бирок айрым тилкелерде көчкү кооптуулугу бар

Аймак Загрузка... 06 Март 2026 10:17
646435941_1235467085428702_629417174944308094_n.jpg
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 06.03.26 /Кабар/. Бүгүн эл аралык жана жергиликтүү маанидеги унаа жолдорунда, ашууларда жол ачык, чектөөлөр жок. Каттамдар үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз – Талас – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашууларында күн бүркөк. Айрым тилкелерде туман каптап, көрүү мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен, айдоочулар үчүн кыйынчылыктар жаралууда. Бул багыттардагы жолдорду тиешелүү жол тейлөө ишканалары тынымсыз көзөмөлдөп жатышат.

Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жана Түп – Кеген жолунда күн бүркөк болгону менен, жол ачык жана каттам бар.

Белгилей кетсек, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда кар көчкү түшүү коркунучу дагы деле сакталууда.

"Кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралган учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын техникалар жана жолчулар ыкчам иш алып барууга даяр",-деп айтылат маалыматта.