Ашууларда жол ачык – 09:00гө карата маалымат

Аймак 22 январь 2026 09:15
621196931_18038453687733957_3781315925327493189_n.jpg
619889672_18038453696733957_130598717879466258_n.jpg
621141911_18038453678733957_3759475897803935161_n.jpg
Алдыга
Артка
621196931_18038453687733957_3781315925327493189_n.jpg
619889672_18038453696733957_130598717879466258_n.jpg
621141911_18038453678733957_3759475897803935161_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Бүгүн саат 09:00гө карата баардык унаа жолдордо жана ашууларда каттам үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.

Жолчулар тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күнү-түнү жүргүзүлүүдө.

"Айдоочулардан кышкы жол шарттарын эске алып, унааны кышка ылайык даярдап, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, керектүү шаймандарды ала жүрүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.