Бишкек, 26.02.26 /Кабар/. Бүгүн саат 09:15ке карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Жол тейлөө ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо, кеңейтүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
"Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүү зарыл",-деп айтылат маалыматта.