Ашууларда каттам бар, жол ачык - Транспорт министрлиги

Коом 17 февраль 2025 11:24
Ашууларда каттам бар, жол ачык - Транспорт министрлиги
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.