Ашууларда каттам бар, чектөө жок

Аймак Загрузка... 31 Декабрь 2025 11:34
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 31-декабрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок.

Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.

"Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүнү унутпаңыз", - деп айтылат маалыматта.