Айдоочулардын эсине! Ашууларда кар жаап жатат

Аймак Загрузка... 11 Март 2026 10:12
6_RUmZqxt.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Бүгүн саат 09:30га карата республиканын негизги ашууларында кар жаап жатат. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда 10-март күнү саат 12:20дан тарта Сосновка постунан оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөө азырынча алына элек.

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, бороон болууда. Учурда каттам бардык унаалар үчүн ачык. Ал эми Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк жана Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашууларында күн бүркөк болуп, каттам ачык.

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында да күн бүркөк. Жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 15-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Ошондой эле жолдордо муз тоңуп, тайгак болушу мүмкүн. Мындан улам айдоочуларга унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралык сактоо сунушталат.

"Учурда Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү иштер күнү-түнү жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.