Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Бүгүн өлкө аймагындагы бардык унаа жолдорунда жана ашууларда унаа кыймылы үчүн чектөөлөр жок, жол ачык.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жалпы пайдалануудагы унаа жолдорун кардан тазалап, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу иштерин күнү-түнү жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, 15-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.
"Жолдордо муз тоңуп, тайгак болушу мүмкүн. Мындан улам айдоочуларга унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралыкты сактоо сунушталат",-деп айтылат маалыматта.