Ашууларда абал кандай? Өлкө жолдорундагы соңку кырдаал

Аймак 26 Январь 2026 10:00
619289946_1202948218680589_4482565358883213824_n.jpg
619266745_1202948232013921_5120799114201032005_n.jpg
619658899_1202948122013932_3058878766456570780_n.jpg
622363428_1202948118680599_8083422146875345518_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Бүгүн, 26-январда өлкө аймагындагы унаа жолдордо жана ашууларда жол ачык, каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Тараз – Талас – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашууларында, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашуусунда жана Түп – Кеген жолунда каттам бар, жол ачык.

Учурда жолдордо, ашууларда кар күрткɵлɵрүн тазалоо кум- туз аралашмасын чачуу, жол жээгин кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Транспорт министрлиги алыс жолго чыккан айдоочуларды жол эрежесин сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.