Асел Байбагышева жана Рысгүл Акимжановага Жогорку Кеңештин сыйлыктары тапшырылды

Коом 4 июнь 2025 17:14
hd-1749031436147.png
hd-1749031290956.jpeg
hd-1749035521787.jpeg
hd-1749034451718.jpeg
Алдыга
Артка
hd-1749031436147.png
hd-1749031290956.jpeg
hd-1749035521787.jpeg
hd-1749034451718.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш
Кабар

Бишкек 04.06.25 /Бишкек/. Бүгүн Жогорку Кеңештин айым депутаттар форумунун  кезектеги жыйыны өтүп, анда дүйнөнүн эң бийик чокусу - Эверестти багындырган Асел Байбагышева жана Рысгүл Акимжановага Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы жана Ыраазычылык каты тапшырылды. Бул тууралуу парламент билдирет.

Айым депутаттар форумуна катышкан эл өкүлдөрү кыргыздын эки айымы Эверестти багындырып, өлкөнүн желегин желбиретип келгени үчүн ыраазычылыгын билдирип куттукташты.  Эвересттин чокусуна эрки күчтүүлөр гана чыккан сейрек көрүнүш экенин белгилеп, эл өкүлдөрү  кыргыздын кыйын кыздарынын тизмеси Асел Байбагышева жана Рысгүл Акимжанова менен толукталганын айтышты.

Жыйында эл агартууга кошкон салымы үчүн мугалим Жылдыз Койчумановага да Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы ыйгарылды. 

Ошондой эле айым депутаттар форумунда “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларга  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору” талкууланды.