Асеин Исаев ЕККУ ПАнын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат Загрузка... 26 Апрель 2025 09:00
489928823_1085262430303933_4488446560191919069_n.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 26.04.25. /Кабар/. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Фарах Карими менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстандагы парламенттик дипломатиянын өнүгүү деңгээлин жана ЕККУ ПАнын бул ишке кошкон салымын канааттануу менен белгилешти.

Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгынын күн тартибинин кеңири чөйрөсү, анын ичинде социалдык-экономикалык өнүгүү, жакырчылыкка каршы күрөшүү, климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо, ЕККУнун Бишкектеги Академиясын институционалдык чыңдоо, ошондой эле ЕККУ ПАнын Кыргызстандын тоолуу аймактарын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин колдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Өз кезегинде Карими энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу тармагын өнүктүрүү аркылуу Кыргызстанда экологиялык жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуунун жана айлана-чөйрөнү коргоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошол эле учурда ал бул жааттагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык каржы институттары менен уюмдарынан да, жеке инвесторлордон да ресурстарды тартуунун маанилүү ролун баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар диалогду активдештирүүгө жана кеңейтүүгө, ошондой эле ЕККУ ПАнын алкагында кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.