Арзан жана сапаттуу: Ошто ири айыл чарба жарманкеси өтөт

Аймак Загрузка... 11 Июль 2026 13:20
yarmarka.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.07.26. /Кабар/. Эртең, 12-июлда саат 09:00-12:00 аралыгында Ош шаарынын Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында "Народный" маркетинин алдында кеңири масштабдуу айыл чарба жарманкеси уюштурулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жарманкеде жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөр өздөрү өстүргөн жаңы жана таза продукцияларды түз, ортомчусуз жана арзан баада шаар тургундарына сунушташат.

Иш-чарага каалоочу бардык дыйкандар жана өндүрүүчүлөр өз продукциясы менен катыша алышат. Катышуучулар үчүн 2-кабаттагы залда жана ар бир шатёрдо орундар даярдалат.

Иш-чара учурунда коомдук тартип жана жол коопсуздугу толук камсыздалат.