Арзан баага алданбаңыз! "Кыргызалтындын" атын жамынган шылуундар пайда болду

Коом Загрузка... 21 Июль 2026 15:15
1054835527_0_0.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. "Кыргызалтын" ААК жарандарды жана өлкө конокторун "Кыргызалтын Резорт" эс алуу-ден соолукту чыңдоо борборуна мыйзамсыз жолдомо саткан алдамчылардан сак болууну эскертет.

Компаниядан билдиришкендей, акыркы учурларда өздөрүн ортомчу катары тааныштырып, жарандарга эс алууга жолдомолорду расмий бекитилген баадан кыйла төмөн сунуштап, алдоо жолу менен акча каражаттарын ээлеп алган фактылар катталууда.

"Социалдык тармактардагы расмий эмес баракчаларда жарыяланган негизсиз арзан баадагы сунуштар алдамчылык аракеттеринин белгиси болушу мүмкүн. Төлөм жүргүзүүдөн мурда маалыматтарды кылдат текшерип, акчаңызды белгисиз адамдарга бербеңиздер", - деп айтылат маалыматта.

Ушуга байланыштуу, "Кыргызалтын" ААК жарандарды жолдомолорду түздөн-түз "Кыргызалтын Резорт" эс алуу-ден соолукту чыңдоо борбору, ыйгарым укуктуу расмий өнөктөштөр жана мамлекеттик мекемелер аркылуу сатып алууга чакырат.

Жолдомолордун учурдагы реалдуу баасы жана сатып алуу шарттары тууралуу так маалыматты төмөнкү расмий номерлерге чалып билүүгө болот:

  • 0550 09 90 13;
  • 0706 99 91 11.