Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги 2025-жылдын 20-25-октябрь күндөрү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин 90 жылдыгына карата Бишкек шаарында Х эл аралык «ART-ORDO-2025» театр фестивалын өткөрөт.
Ведомствонун маалыматына ылайык, Х эл аралык «ART-ORDO-2025» юбилейлик театр фестивалына 10 театр бирден спектакль менен катышат. Фестивалдын максаты жеңишти даңазалоо, Мар Байжиевди эскерүү, кыргыз театр өнөрүн өнүктүрүү жана эл аралык деңгээлге чыгаруу, театрлар ортосунда тажрыйба алмашуу, жаш актёрлорду жана жаңы чыгармачылык күчтөрдү колдоо.
Фестивалдын ачылыш аземи 20-октябрь саат 14:00дө, ал эми жабылыш аземи 25-октябрь 17:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өткөрүлөт.
Спектаклдерге кирүү акысыз.