Аркан тартыш: Кыргыз курамасы алтын алууга үмүт артууда

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 12:12
fbe1afe7-d07d-4fde-8de7-07968ba000df.jpeg
0f07da03-90cc-4886-abc8-13f4e5171728.jpeg
cf77a39d-8010-43fb-8501-f5b8300e2c37.jpeg
6234c019-c731-4bda-93dd-ed857fdc2dd5.jpeg
3e665bcb-0532-4e3e-938c-ee9d00cedca9.jpeg
Алдыга
Артка
fbe1afe7-d07d-4fde-8de7-07968ba000df.jpeg
0f07da03-90cc-4886-abc8-13f4e5171728.jpeg
cf77a39d-8010-43fb-8501-f5b8300e2c37.jpeg
6234c019-c731-4bda-93dd-ed857fdc2dd5.jpeg
3e665bcb-0532-4e3e-938c-ee9d00cedca9.jpeg
Алдыга
Артка

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында аркан тартыш боюнча мелдештер жыйынтыктоочу баскычка жетти. Кыргызстандын курама командасы 8/8 жана 4/4 багыттарында байгелүү орундарга ээ болуп, бүгүн 1/1 мелдешинде күч сынашат.

Учурда мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Иран, Грузия, Пакистан, Россия, Сьерра-Леоне, Бразилия, Индия, Улуу Британия, Корея, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербайжан командалары катышууда.

Кыргызстандын аркан тартыш боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Бакыт Мадановдун айтымында, команда мелдешке 15 күн даярданып, турнирде үч позиция боюнча күч сынашууда.

“Үч позиция бар. Аларга кураманын үч спортчусу катышып жатат. 8/8 боюнча эркектер арасында экинчи орунду алдык. Казакстан менен финалда 2:1 эсебинде тирешип, тилекке каршы, алтын медалды колдон чыгарып жибердик. 4/4 боюнча үчүнчү орунду ээледик. Эми 1/1 боюнча үмүт бар, алтын медалды алууга аракет кылабыз.
Бүгүн 1/1 боюнча мелдеш өтүп жатат. Жалпысынан 9 команда катышууда. Алар эки тайпага бөлүнөт. Бир тайпада 5, экинчисинде 4 команда болот. Тайпалардан жеңүүчүлөр чыгып, андан кийин өз ара күч сынашат. Турнир 3 күнгө созулду. Бүгүнкүсү менен аркан тартыш боюнча мелдештерибиз аяктайт”, — деди Бакыт Маданов.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.