Аравандын Керме-Тоо айыл өкмөтүнө суу ташуучу 2 техника тапшырылды

Аймак 16 Январь 2026 16:15
616564440_122198461904368081_3134214275849297328_n.jpg
2.jpg
615990678_122198462000368081_7673959514934641726_n.jpg
615991662_122198461940368081_3043748236249503048_n.jpg
617591312_122198461892368081_6339279902333545568_n.jpg
Алдыга
Артка
616564440_122198461904368081_3134214275849297328_n.jpg
2.jpg
615990678_122198462000368081_7673959514934641726_n.jpg
615991662_122198461940368081_3043748236249503048_n.jpg
617591312_122198461892368081_6339279902333545568_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Бүгүн Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жаңы суу ташуучу эки техника тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Суу ташуучу унаалардын жалпы баасы 7 млн 119 миң сомду түзүп, алар Ош облустук өнүктүрүү фондунун каражатынан каржыланды. Техникалар аймактагы тургундарга убактылуу таза сууну үзгүлтүксүз жеткирип туруу максатында пайдаланылат.

Белгилей кетсек, Керме-Тоо айыл аймагына таза суу тартуу иштери өткөн жылы башталып, учурда активдүү жүрүп жатат. Ушул себептен аймакта суу тартыштыгы жаралып, буга чейин ӨКМге тиешелүү суу ташуучу унаалар таза суу жеткирип келген.

Учурда жалпы узундугу 27 чакырымды түзгөн суу түтүктөрү тартылып, сыйымдуулугу 1500 куб метрлик суу кампасынын курулушу уланууда.

Жалпы наркы 400 миллион сомдон ашкан долбоор 2026-жылдын март айында толук аяктап, анын жыйынтыгында аймактын тургундары толук кандуу таза суу менен камсыздалат.