Аравандын Керме-Тоо айыл аймагына 8,4 млн сомдук техника берилди

Аймак 1 октябрь 2026 10:40
829603730_122226718244368081_2434721588075351690_n.jpg
829735497_122226718130368081_6689765244682169555_n.jpg
830511425_122226718184368081_300403117491041599_n.jpg
831012322_122226718088368081_4934500897376324176_n.jpg
832557669_122226718256368081_8511512742241265555_n.jpg
827533084_122226718034368081_915978540104938685_n.jpg
827556333_122226717830368081_5823280396335312331_n.jpg
828564169_122226718232368081_3679626079160287913_n.jpg
828628487_122226718010368081_3853477461034370167_n.jpg
829035661_122226717824368081_7625690831123856508_n.jpg
829055078_122226717986368081_317991667788914106_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагындагы Кичик-Алай айылынын окуучуларын мектепке ташуу маселеси чечилди.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алар эми мектепке атайын кичи автобус менен жеткирилет.

Буга чейин айрым окуучулар мектепке баруу үчүн 9 чакырымга чейин жөө басып барышкан. Маселени чечүү үчүн Араван райондук өнүктүрүү фондунан 1,5 млн сом бөлүнүп, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында 1,4 млн сомго 20 орундуу кичи автобус сатып алынган.

Мындан тышкары, Керме-Тоо айыл өкмөтүнө Дүйнөлүк банктын АРИС программасынын алкагында 3,5 млн сомдук экскаватор жана 3,5 млн сомдук ассенизатор берилди.

Жалпысынан айыл өкмөтүнүн балансына 8,4 млн сомдук үч техника өткөрүлүп берилди. Техника 27 чакырым аралыктан тартылган таза суу тутумун тейлөөгө жана оңдоп-түзөө иштерине да пайдаланылат.